Ссылки доступа

Абдиев: Түрмөдөн качкандарга күзөтчүлөрдүн бирөөсү жардам бериши мүмкүн


№50 түрмөдөн качкандар ар башка камераларда кармалгандыгын Жаза аткаруу кызматынын ыкчам мөөнөт башкармалыгынын жетекчиси Самат Абдиев кечээ маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, түрмөнүн эки камерасындагылар качып кетишкен. Үчүнчүдө эки кылмышкер калган. Самат Абдиев качкындар эшиктин кулпун бузбагандыгын, ал мезгилде электр жарыгы жарым сааттай өчүп турганын жана видео тасма дагы акыркы эки жумадан бери иштебей жаткандыгын маалымдады.

"Бул ишке биздин кызматкерлер аралашышы мүмкүн"-дейт ал.

Ал арада Абактардагы мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратура №50 түрмөнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иш козгоду. Иш Кылмыш кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча козголду.​

Эскерте кетсем, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Жаза аткаруу кызматынын Чүйдүн Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 7 жана тергөөдөгү эки адам үч түрмө кызматкерин муунтуп өлтүрүп, дагы бирөөнү чала жан кылып сабап качып чыккан.

Качкан 9 адамдын бешөө кармалды, төртөө дагы эле дайынсыз болууда. Алар "Жайшул Махди" террордук тобунун мүчөлөрү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG