Ссылки доступа

Москвада Орусия жана Сирия жетекчилери сүйлөштү


Кечээ Сириянын президенти Башар Асад Москвага келди. Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Башар Асад жумушчу сапарынын жүрүшүндө Владимир Путин менен жолугушту.

Президенттердин жеке жолугушуусунан кийин, орус жогорку жетекчилеринин катышуусунда кең чөйрөгү сүйлөшүүлөр жүрдү.

Песков жолугушууда орус аскерлеринин Сириядагы аракеттери, терроризм менен күрөш жана эки тараптуу кызматташтык талкуулангандыгын кабарлады.

Орусия сентябрдын аягында Сирияда аскердик чараларды баштады. Кремль “Ислам мамлекети” менен күрөшүп жаткандыгын айтууда. Вашингтондун билдирүүсүндө, Москванын аба соккулары “ИМди” эмес, Башар Асаддын каршылаштарын бутага алып жатат.

XS
SM
MD
LG