Ссылки доступа

АКШ: Вашингтон Москва менен Сирияда кызматташпайт


Орусия менен Сириядагы учуулардын макулдашуусу Москва менен коалициялык күчтөрдүн биргеликте күрөшүү келишими эмес. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби билдирди.

Анын айтымында, макулдашууда “максаттарды аныктоо үчүн биргеликте чара көрүү, же акылдашуу” жоболору жок.

Жон Кирби Сирияда учуулар боюнча меморандумдун башкы максаты –“ИМге” каршы күрөшкөн коалициянын учактарынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

АКШ бул макулдашууну Сириядагы жаңжалды саясый жол менен чечүүгө карай кадам катары баалайт.

XS
SM
MD
LG