Ссылки доступа

Прокуратура абактагы үч кылмышкердин өлүмүн иликтейт


Башкы прокуратуранын 21-октябрдагы маалымдоосуна караганда, жаза аткаруу мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокуратура абактагы үч кылмышкердин өлүмүн иликтейт. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен окуяга укуктук баа берилет.

12-октябрга караган түнү №50 абактан качкан күнү кармалган беш кишинин үчөөсү бир сутканын ичинде абакта өлгөнү кабарланды. Укук коргоочулар жана адвокаттар бул өлүмдөрдү айыптап, анын себебин катуу сабоодон көрүп жатышат. Абактан качкан тогуз кишинин экөөсү сыртта жүрөт, аларды издөө уланууда. Ал эми экөө кармоо учурунда атып өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG