Ссылки доступа

АКШ Москваны Башар Асадды “кызыл килем төшөп” кабыл алганы үчүн айыптады


“Өз элине каршы химиялык курал колдонгон Асадды кызыл килеп салып күтүп алуу Орусиянын Сирияны саясий жол менен өзгөрүүгө алып барабыз деген билдирүүлөрүнө каршы келет”,- деп билдирди Акүйдүн өкүлү Эрик Шульц 21-октябрда.

Сирия президенти Башар Асад 20-октябрда Москвага капыс келип, орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан берки Башар Асаддын сыртка биринчи сапары болуп калды.

Кошмо Штаттар Сирияда тынчтык орнош үчүн Башар Асад кызматтан кетиш керек деген талапты коюуда. Орусия аны колдобой, Сириянын расмий бийлигине аскердик жардам берүүдө.

XS
SM
MD
LG