Ссылки доступа

Орус аскерлеринин Сириядагы оорукананы бомбалоосунан 13 адам набыт болду


Сириянын түндүк –батышындагы ооруканага түшкөн бомбадан даарыгерлер менен кошо 13 адам мерт кетти.

Орус аба күчтөрү шейшемби күнү Идлиб провинциясынын Сармин шаарына карай сокку урушкан.

Ооруканада сириялык жана америкалык даарыгерлер иштейт.

Шаршемби күнү Орусиянын Коргоо министрлиги «террордук топтордун жетекчилери топтолгон» Сармин шаарына абадан сокку урулганын кабарлаган.

Шейшемби күнү Сириянын укук коргоочулары Орусиянын аба соккуларынан набыт болгон 370 адамдын 127и жергиликтүү тынч тургундар экендигин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG