Ссылки доступа

Алма-Ата сотунда үч журналисттин диктофондогу жазуулары жоголду


Алма-Ата шаардык сотундагы баланын өлүмүнө байланыштуу териштирүүдөн кийин ага катышкан үч журналисттин диктофону жоголду.

20-октябрь күнү Алма-Ата шаардык соту мас абалында машинасы менен баланы уруп кеткен аялдын ишин каралды. Бала кырсык болгон жерде мерт болгон.

Журналисттердин айтымында, сот башталаар алдында алар диктофондорун судя Улан Есбергеновдун стөлүнө коюп, соттун өтүнүчү менен чыгып кетишкен. Кийин журналисттерге алардын диктофонун таппай жатышканын маалымдашкан.

«Алгач судя диктофонду кийин аласыңар деп жооп берген. Кийин бизге катчысы диктофонубузду таппай жатканын айтты» - дейт журналист Екатерина Тихонова.

ММК өкүлдөрү полицияга кайрылгандан кийин гана судя Улан Есбергенов диктофондорду прокурор алып кеткендигин айтты. Прокурор аудио жазуулары өчүрүлгөн диктофонду кайтарып берди.

Журналисттер ММКнын ишине бут тоскон прокурорго даттанып полицияга арыз жазышты.

XS
SM
MD
LG