Ссылки доступа

Алабугада татар активисттери жана RFE/RL корреспонденти кармалды


Татар активисттери
Татар активисттери

Татарстандын Алабуга шаарында татар коомдук борборунун активисттери жана RFE/RL (Эркин Европа радиосунун) кабарчысы кармалды.

21- октябрда полиция жана Тергөө комитетинин кызматкерлери татар коомунун 40тай мүчөсү жолугушуусуна кирип келип, алардын паспортторун талап кылган. Коомдун айрым мүчөлөрү жана жолугушууну чагылдырган журналист Гафиулла Газизов күч менен полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Газизов телефондон полиция анын видеокамерасын тартып алып, фотоаппаратын талкалап салганын кабарлады. Азырынча камоонун себептери белгисиз. Активисттердин айтымында, бийлик жолугушууга бут тосуп жатат.

Татарстанда татаркоомдук борбору дээрлик баардык райондорунда бар. Бул бейөкмөт уюм өлкөдө татарлардын улуттук тарыхын, тилин, маданиятын сактап калуу боюнча иш алып барат.

XS
SM
MD
LG