Ссылки доступа

Атышууда ок тийген дагы бир аял каза болду


Kyrgyzstan -- Bishkek. Police searching for fugitive extremists combs Botanical Garden
Kyrgyzstan -- Bishkek. Police searching for fugitive extremists combs Botanical Garden

Алдын ала маалыматка караганда Достук кичи районунда милиция менен 12-октябрда абактан качкан Алтынбек Итибаевдин атышуусунда эки адамдын өмүрү кыйылган. ИИМдин өкүлүнүн айтымында,каза болгондордун бири милициянын ыкчам атайын отрядынын кызматкери (СОБР), экинчиси жайкын тургун экенин билдирген.

Бүгүн кечке жуук Достук кичи районундагы №8 үйгө бекинип алган Алтынбек Итибаев милицияга автоматтан ок чыгарган. Үй курчоого алынып, ички иштер министри окуя болгон жерге барган.

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, үчөө абакта каза болду.

Качып кеткен төрт адамдын экөө буга чейин атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган. Дагы бири Эдил Абдрахманов бүгүн жарадар болуп колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG