Ссылки доступа

Санкт-Петербургда мигрант наристени эскерүү митинги өттү (Видео)


St. Petersburg: picket in memory of a Tajick baby
St. Petersburg: picket in memory of a Tajick baby

Санкт-Петербург шаарында мигрант ата-энесинен тартып алынып, ооруканада набыт болгон наристени эскерүү митинги өттү.

Аны «Укук баарына бирдей!» тобунун үч демилгечиси Москванын Адмиралтей райондук полициясынын биринчи бөлүмүнүн алдындаөткөрдү. Алар 5 айлык Умарали Назаровдун өлүмү тууралуу жазылган плакатты көтөрүп турушту. Плакаттагы жазуу «Миграциялык саясатпы, же кадимки фашизмби?» сөзү менен аяктаган.

Пикеттин катышуучулары баланын өлүмүн калыс иликтөөнү талап кылышты.

Эскерте кетсек,5 айлык Умарали Назаровдун ата-энесин полиция 13-октябрда миграция мыйзамын бузгандыгыүчүн кармаган. Тажикстандык үй-бүлөнүн наристеси 14-октябрь түнү ооруканада чарчап калган.

XS
SM
MD
LG