Ссылки доступа

Тажикстандык улан аскердик комиссариаттан кийин ооруканага түшүп калды


Тажикстандын Бохтар районунун жашоочусу Акмал Шамсов аскер комиссариатына чакырылгандан кийин ооруканага түшүп калды. Анын ата-энесинин айтымында, 27 жаштагы уулун райондук аскер комиссариатына күч менен алып келишип, сабашкан.

Акмал Шамсов Курган-төбө шаарынын Карабало ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүндө жатат.

Аскердик комиссариат Акмал Шамсов жергиликүү бийлик органдары тарабына аскерге чакырылгандыгын айтып жатат.

Акмалдын тайкеси Саидахмад Шамсов аскердик комиссариаттын кызматкерлери 21-октябрда күндүзгү саат 3тө №38-мектептин жанында анын жээнин сабагандыгын билдирди. Анын айтымында, Акмал психикалык оорусуна байланыштуу аскердик кызмат өтөө милдетинен бошотулгандыгы тууралуу маалымдамасы бар.

Милиция кызматкери күбөлөрдү сурап жатышат.

Бохтар райондук сотунун жетекчиси Ахмад Ашуралиев чатак уланды аскерге чакыруу аракетинен чыккандыгын ырастады.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин маалыматында, аскердик чакырык 70 пайызга аткарылды.

XS
SM
MD
LG