Ссылки доступа

Кыргызстанда «111» балдар ишеним телефону түзүлдү


Кыргызстанда «111» балдар ишеним телефону түзүлгөндүгүн Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бул жаатта иш алып баруу үчүн министрлик ЮНИСЕФ жана Балдардын укугун коргоо лигасы меморандумга кол коюшту.

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, "ишеним телефону" катаал турмушка туш болгон жана зомбулуктан жапа чеккен балдарга багытталган.

Телефон аркылуу күнү-түнү маалыматтык жана психикалык жардам алып, балдардын укугун бузуулар боюнча кабарлоого болот.

ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо "ишеним телефону" балдардын укугун коргоо жаатында натыйжалуу экендигин, учурда көрсөтүлгөн кызматтын сапатын аныктоо жолдору иштелип чыгып жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG