Ссылки доступа

Токаев: Украинадагы жаңжал “тоңдуруп” калышы мүмкүн


Украинадагы чатак “тоңдурулган” абалга өтүшү мүмкүндүгүн Казакстандын парламентинин жогорку палатасынынтөрагасы Касым-Жомарт Токаев Астана саммити жана Хельсинки актысынын мааракесине арналган “ЕККУнун жетишкендиктери жана кооптонуулары” аталышындагы конференцияда билдирди.

Токаевдин айтымында, мурдакы советтик өлкөлөрдөгү чыр-чатактардын айрымдары алгач “тоңдурулуп”, кийин уланып кетүүдө. Андыктан, Украинадагы кырдаал дагы чечилбеген бойдон калышы ыктымал.

Украинанын чыгышында согуш башталгандан бери 8 миң киши набыт болду.

Батыш Орусиянын жикчилдерге колдоо көрсөтүп жаткандыгын айтып келет.

Москва айыптоолорду четке кагып, Донецк жана Луганскдагы топторго гуманитардык гана жардам берип келе жатканын билдирет.

XS
SM
MD
LG