"20-октябрда биз арыздануу мөөнөтүн бузуп берген жана ирети туура келбей калды деген жүйө менен партиянын үч арызын кароодон баш тартканбыз. Эми сот ошону кайра карап бергиле деп чечти. Биз Жогорку Сотко "биздики туура" деп жазабыз"-дейт ал.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо алты партия утуп чыккан. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” 7 пайыздык аймактык босогодон өтпөй калган болчу. Партиянын талабы менен БШК 10 тилкеде добуштарды кайра санап, чоң айырманы таппаганын билдирген.