Ссылки доступа

Казакстандын жараны Москва абагында өмүрүн кыйды


Казакстандын жараны Нуралы Ташкентбаев Москванын №4 абагында өз өмүрүн кыйгандыгын "Интерфакс" агентиги маалымдады.

Агентиктин маалыматында, 53 жаштагы Ташкентбаевдин өлүгү кечээ абактын дааратканасынан табылган.

Ал ири алдамчылык айыбы менен соттолуп, үч жылга эркинен ажыратылган. Айрым маалыматтарга караганда, Нуралы Ташкентбаевдин иши Казакстандын чек ара кызматынын мурдакы жетекчиси Нурлан Жуламановго каршы козголгон жемкорлук боюнча кылмышка байланыштуу.

Тергөө маалыматында, Ташкентбаев Жуламановдун Казакстанда кармалганын билип, аны бошотууга жардам берүү убадасы менен туугандарынан акча доолаган.

XS
SM
MD
LG