Ссылки доступа

Өзбекстандын бир нече шаары көгүлтүр отсуз калды


Өзбекстандын кээ бир облустары буга чейин деле көгүлтүр отту ченемдеп алчу. Эми Фергана, Жизака, Самарканд, Ургенч шаарларынын жарандары бир жумадан бери газ жок отурушат.

“Өзтрансгаз” ишканасынын билдирүүсүндө, суук түшкөндүгүнө байланыштуу көгүлтүр от көп колдонулуп, баарына жетпей жатат.

Жыл сайын Өзбекстанда 70 миллиард кубометр газ табылат. “Өзтрансгаздын" маалыматында, анын 24 пайызын калк колдонот, 20 пайызы чет өлкөгө экспорттолот, калганы өлкөнүн өнөр-жайына сарпталат.

Өзбекстан өкмөтү жакынкы жылдары көгүлтүр оттун экспорттосун көбөйткөнү турат.

XS
SM
MD
LG