Ссылки доступа

Украинада шайлоочулардын 47 пайызы добуш берди


Украинада шайлоочулардын 47 пайызы добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, шайлоого Тернополь облусунун тургундары эң активдүү катышып, алардын 56 пайызы добуш берсе,Донецкте эң аз шайлоочу добушканага келген.

Украинада жергиликтүү шайлоолор 25-октябрда Крым, Донецк жана Луганск облустарынан башка баардык аймактарда өттү. Жарандар облустук жетекчилерин, облустук жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлашты.

“Опора” жарандык коому шайлоо күнү миңдеген мыйзам бузууларды каттаган. Уюмдун билдирүүсүндө, шайлоочулардын добушун сатып алуу, бюллетендердин үкөккө массалык түрдө таштоо, жарандарды добушканага ташып келген учурлар болду.

"112 Украина" телеканалы Закарпатьеде укук коргоо органдары добуш сатып алуу аракети боюнча 3 кылмыш иш козгондугун маалымдады.

“Опора” уюмунун маалыматында, Киев облусунун Белоцерковск районунун Потиевка айылындагылар паспорту жок эле добуш беришкен. Жарандык активисттердин айтымында, “Жергиликтүү шайлоолор”жөнүндөгү мыйзамга ылайык, паспорту жок адамдарга добуш бюллетендерин бергендер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.

Мариупол жана Красноармейскте шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды.

XS
SM
MD
LG