Ссылки доступа

Орусия: Бизде Сириянын оппозициясы менен байланыш бар


Москва Сириянын оппозициясы жана Батыш менен байланышып тураарын Орусиянын Ички иштер министри Михаил Богданов билдирди. Ал Башар Асаддын каршылаштары дагы Кремлде болгондугун ырастады.

"Көптөр келип кетишет. Алардын көпчүлүгү Сириянын Эркин аскерлеринин жетекчилиги экендигин айтат", -деди ал.

Бирок, бул армиянын түштүк фронтунун өкүлү Исмам ал-Рейс Москва менен эч кандай байланыш жоктугун жарыялаган. Алар Орусиянын "ИМге" каршы күрөшкө көмөктөшүү сунушун дагы четке каккан.

Ал: "Адегенде Орусия биздин базаларды бомбалоосун токтотсун, ошондон кийин гана кызматташтык тууралуу сүйлөшсөк болот", - деп билдирген.

Орусия Сирияда 30-сентябрда баштаган аба соккулары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жабыттарын гана бутага алганын айтса, Сирия оппозициясы менен Батыш өкмөттөрү аба соккулары негизинен президент Башар Асаддын каршылаштарына багытталганын белгилеп келет. Кремль өзүн айыптаган мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG