Ссылки доступа

Кабиринин уулу Назарзода менен байланышка айыпталууда


Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин уулу Рухулло Тиллозодага Абдухалим Назарзоданы каржылаган айыбы тагылды.

Бийликтин айтымында, ал атасынын тапшырмасы менен 1.2 млн. долларды генералга алып барып берген.

Назарзода ал каражатты Дүйшөмбү жана Вахдаттагы ИИМдин бөлүктөрүнө чабуул уюштурууга жумшаган.

Тажикстандын башкы телеканалындагы атайын берүүдө Жамшед Назаруллоев, Махмадали Рахматуллоев жана Хикматулло Сайфов 1.2 млн. доллар кантип тапшырылганын айтып беришти. Булардын экөө Кабиринин тууганы болсо, акыркысы айдоочусу болгон. Айдоочусу Назарзоданын үйүнө акча менен Кабиринин уулун жеткиргендигин билдирди.

16-октябрдан бери партиянын 23 мүчөсү камакка алынды. Мухиддин Кабири өзү чет өлкөдө жашайт. Ал Назарзода менен байланышын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG