Ссылки доступа

Казакстанда жарандык активист Ермек Нарымбаев камакта калды (Видео)


Алма-Ата шаардык соту райондук соттун Нарымбаевди камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. Жарандык активист «улут аралык ажырым» айыбы менен соттолуда.

Сот Ардак Ешеев отурумду жабык өткөзүп, Нарымбаев сотко алып келинген жок. "Соттун чечимин кайрадан кароого болбойт"- деп түшүндүрдү Нарымбаевдин жактоочу Жанара Балгабаева. Жактоочу эми КУУнун комитетине кайрылышаарын айтты.

Нарымбаев Алма-Атада 12-октябрда кармалган. Аны сот 2 айга камаган. Аны менен бирге жарандык активист Серикжан Мамбеталин дагы жоопкерчиликке тартылууда. Алар Facebookда Мурат Телибековго таандык, бирок басылып чыга элек китептин айрым бөлүктөрүн жарыялашкан.

Шаардык сот Серикжан Мамбеталиндин камакка алуу сунушун четке какты.

Ермек Нарымбаев көптөн бери бийликти сындап келет. Анын “Руханият” партиясы 2011-жылы парламенттик шайлоодон четтетилген.

XS
SM
MD
LG