Ссылки доступа

Ошто эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды


Ош шаарынын 48 жаштагы тургуну Кыргызстанда тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары анын эмиссарлары менен тыгыз байланышта болуп, жарандарды азгырып, согуш болуп жаткан аймактарга жөнөтүп турган.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, ал 21-октябрда контртеррористтик иш чаралардын негизинде кармалды. Тинтүү маалында анын үйүнөн курамы белгисиз химиялык зат табылып, токсикологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Кылмышка шектүү адам террордук уюмга жана жарандарды азгырууга тиешеси бар экенин моюнга алды. Мындан тышкары ууландыруучу химиялык затты даярдоо боюнча ал террордук уюмдардын чет элдеги борборунан көрсөтмө алганын билдирди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG