Ссылки доступа

Исламисттер Пальмирадагы үч түркүктү жардырышты


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Сириянын Пальмира шаарындагы үч түркүктү жардырды.

Сириядагы укук коргоочу Рами Абдель Рахмандын айтымында, террорчулар ал үч түркүккө байланган үч адамды жардыруу менен өлүм жазасына тартышкан.

Сириянын жарандык активисттеринин айтымында, “Ислам мамлекетинин” бул кадамдары коомчулуктун жана ММКнын көңүлүн өзүнө бурууга багытталган.

Октябрдын башында «ИМ” Пальмирадагы Рим дооруна таандык Триумфалдык арканы жардырган. Ага чейин май айында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген бир нече эстеликтерди бузушкан.

XS
SM
MD
LG