Ссылки доступа

Донецкте Савченконун иши боюнча соттук отурум уланууда


Орусиянын Ростов облусунун Донецк шаардык сотунда Украина аскери Надежда Савченконун иши уланууда.

Дүйшөмбү күнкү жыйында Орусиянын Биринчи каналынын жана мамлекеттик телерадио компаниянын кызматкерлери суралды.

Сот дагы бир жолу Савченконун бир тууганы Вераны сотко катыштыруу сунушун кабыл алган жок.

Соттук отурумда Савченконун жактоочулары орус журналистеринин Украинанын аймагында иштөөгө уруксаты жана “прессе” деген атайын жазуусу жоктугун аныкташты. Күбөлөрдүн айтымында, аларды бир гана микрофондогу “Россия -1” логотипи таанууга болот болчу.

Эмки отурум 28-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG