Ссылки доступа

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада участкаларды алмашат


Кыргызстан менен Тажикстан биринчи жолу конкреттүү участкаларды алмашуу демилгеси көтөрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев билдирди.

Ал 12 гектардан жер алмашылып, кыргыз тарап Баткендеги Көк-Таш айылынын үстү жагында мүрзөлөр жана айылдар турган аймакты аларын, тажик тарапка болсо айылдын ылдый тарабындагы жол жээгиндеги каралбай турган бош жерди берерин, негизинен алмашуу шахмат өңдүү жайгашкан аймактарда жүрөрүн белгиледи.

Маматалиев кыргыз-тажик президенттеринин 15-сентябрдагы жолугушуусунда ар кайсы жылдардагы карталарга таянбай, 4 негизги макулдашуунун: КМШнын түзүлүшү, Алматы декларациясы, мамлекеттик чек аралардын кол тийгис экендиги тууралуу 1994-жылы кол коюлган макулдашуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашуунун негизинде чечимдер кабыл алынарын билдирди.

Буга байланыштуу тажик тарап Бишкекке 5-ноябрда келгени жатат. Ноябрдын соңунда кыргыз делегациясы Тажикстанга чакырылды. Маматалиев 2 жыл аралыгында тажик тарап менен чек ара маселеси 90 % чечилерин белгиледи.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы такталган. Негизинен чек аранын калк жашабаган, тоолуу аймактары чечилип, эл отурукташкан айылдардын айланасында иш бир топ убактан бери алга жылбай келет. Анын айынан соңку кездери эки өлкө жарандары арасында жаңжал күчөп, куралдуу кагылыштарга чейин барган.

XS
SM
MD
LG