Ссылки доступа

Жон Керри Кыргызстанга келет


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жакынкы күндөрү Борбордук Азияга иш сапары менен келет. Ал Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстанда болот.

АКШнын мамлекеттик департаментинин жетекчиси 30-октябрда Венада өтө турган сүйлөшүүлөрдөн кийин Борбордук Азияга сапарын баштайт.

Бишкекте ал Борбордук Азиядагы Америка университетинин жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышына катышат.

Жон Керрри Самаркандда аймактагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушат.

Астанада АКШнын мамлекеттик департаментинин жетекчиси "Казакстан-АКШ- стратегиялык өнөктөштүк" жыйынын алкагында жолугушууларды өткөрөт.

XS
SM
MD
LG