Ссылки доступа

Орусияда резервдик кордогу акча азайууда


Эгер мунайдын баасы азыркы деңгээлде кала берсе, Орусиянын резервдик кордогу акчасы 2016-жылдын соңуна барып түгөнөрүн бүгүн каржы министри Антон Силуанов айтып чыкты.

Министр бүгүн кабарчыларга билдиргендей, Орусиянын быйылкы бюджет тартыштыгы 2,6 триллион рубль же 41 миллиард долларды түзөрү күтүлүүдө.

Ал эми келерки жылга эгер кара майдын баасы 45 доллардан көтөрүлбөй, рублдин долларга алмашуу курсу 62ни түзсө, бюджеттеги тартыштык 900 миллиард рубль деп эсептелүүдө. Бул цифралар Орусия 2016-жылы резервдик кордун акчасын түгөтөт дегенди туюндурат.

Орусиянын экономкасы АКШ жана Евробиримдик Москванын Крымды анексиялоосунан жана Украинадагы аракеттеринен улам киргизген санкциялардан бир топ жабыр тартты.

Буга кошумча Орусия миллиарддаган долларды 2014-жылы Сочиде Кышкы олимпиаданы тосууга, Крымды кайра курууга коротту. Сириядагы аскерий өнөктүк да Орусиянын бюджетине кошумча чыгым алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG