Ссылки доступа

КСДП кызматтык унаа, кол тийбестиктен баш тартууну чечти


Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жаран Акаев Твиттердеги баракчасына жазды. Депутаттар мындан тышкары бир эле жардамчы алуу чечимине келишкен.

Буга чейин фракция лидери Чыныбай Турсунбеков бул маселе боюнча фракция ичинде кайчы пикирлер бар экенин билдирген. Айрым КСДПчылар муну менен парламенттик шайлоо алдындагы башка партиялардын популисттик кадамдарын ээрчип кетүү коркунучу жараларын айтып, маселени шашпай карап чыгууга чакырган. Калган фракциялар азырынча бул туурасында позицияларын билдирише элек.

Видео

XS
SM
MD
LG