Ссылки доступа

Казакстан Doing Businessтин тизмесинде 12 орунга жогорулады


Казакстан Doing Businessтин тизмесинде 12 орунга жогорулап, 41-тепкичке жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк жарыялаган 2016-жылкы баяндамада маалымдалат.

Бизнести жүргүзүүгө ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарында Казакстан өткөн жылы 53-орунда болчу. Тизмедеги 189 мамлекеттин бизнеске түзүлгөн шарттары сыналат.

Тизмеде он жылдан бери Сингапур биринчиликти бербей келет. Андан ары Жаңы Зеландия, Дания, Түштүк Корея, Гонконг, Улуу Британия, АКШ, Швеция, Норвегия жана Финляндия алдынкы орунда турат.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 41-орунда, Беларус 44-орунда, Орусия 51-орунда, Молдова 52-орунда, Кыргызстан 67-орунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG