Ссылки доступа

Орусия: Сирияга кетүүгө аракет кылган студент камакка алынды


Москванын Лефоротовский райондук соту 23-декабрга чейин МГУнун студенти Варвара Караулованы камакка алуу чечимин чыгарды.

Караулова 2015-жылы Сирияга кетип, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууга аракет кылган жеринен Түркияда кармалып, Орусияга алынып келинген.

Алгач Караулова бул иш боюнча күбө катары катышып жаткан. "Бирок тергөө иштеринен кийин анын батири тинтилип, тыюу салынган уюмдар менен байланышын улантып жатканы аныкталды" дейт Караулованын жактоочу Александр Карабанов.

МГУнун Философия факультетинин студенти 13 орусиялык менен кошо Түркия менен Сириянын чек арасынан июнь айында кармалган.

XS
SM
MD
LG