Ссылки доступа

"Бишкек – Киев" аба каттамы жаңы жылдан баштап ишке кирет


«Бишкек – Киев – Бишкек» аба каттамы жаңы жылдан баштап ишке кирет.

Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, аба каттам Кыргызстан жана Украина ортосундагы байланышты күчөтөт.

Дорошенко Украинанын ишкерлери Кыргызстан менен мамиле түзүүгө кызыкдар экендигин маалымдады.

"Украина ГЭСтерди жабдуу, айыл-чарба, транспорт жана фармацевтика тармагында иштешүүгө даяр", -деди ал.

XS
SM
MD
LG