Ссылки доступа

Крымда куранды тез арада үйрөнүү сунушталууда


Симферополдун Фонтана крым-татар микрорайонунда эркектер үчүн исламды тездетилген түрдө окутуу боюнча долбоор даярдалууда. Бул тууралуу Крымын Мусулман дин башкармалыгында билдиришти.

“2-ноябрда микрорайондун мечитинде эркектерди Куран, намаз окуу жана Исламдын негизги багыттары боюнча окутуу башталат. Сабактар ар дүйшөмбү күнү кечки намаздан кийин башталат. Жашы боюнча чектөө жок”, - деп айтылат маалыматта.

Мечиттин имамы, курстун мугалими Артур Решитовдун айтымында, окутуу 2 айга созулуп каалоочуларды Куран, намаз окуу жана Исламдын негизги багыттары менен тааныштырат.

Мечитте аялдар үчүн дагы Куран окуу боюнча курстар ачылган.

Куран – мусулмандардын ыйык китеби. Араб тилинен “куран” “угузуп окуу”, “үйрөтүү” деген мааниде которулат. Куран исламда Мухаммед пайгамбардын атынан айтылган сырлардын топтому деп саналат.

XS
SM
MD
LG