Ссылки доступа

Самарканд Жон Керринин келишине даярданууда


АКШнын биринчи мамкатчысы Жон Керри 29 октябрдан 3 ноябрга чейин Борбор Азия өлкөлөрү турне кылат. Бул жуманын аягында ал Өзбекстандагы Самарканд шаарына келет. Жарандардын айтымында, шаарда анын коопсуздугуна болуп көрбөгөндөй чара көрүлүп жатат.

“Калаанын кире-беришинде посттор коюлган. “Сиеб” базары жабык. Укук коргоо кызматкерлери базарда иштегендерден паспорт чогултушуп жүрүшөт. Атайын кызматтын, өрт өчүргөн, укук коргоо органдарынын кызматкерлери Гури-Амир күмбөзүнүн жанындагы ар бир үйдү текшерүүдө”, - жазат булактар Самаркандда.

Расмий түрдө Жон Керри 5 Борбор Азия өлкөлөрүнүн министрлири менен регионалдуу жана глобалдуу маселелерди талкуулайт.

Эскерте кетсек, эл аралык укук коргоо уюмдар АКШнын мамкатчысын региондогу адамдардын укук бузуулар жөнүндө айтып кеткенин суранышкан.

XS
SM
MD
LG