Ссылки доступа

Рахмон: Дүйнөлүк кризис маалында КМШ өлкөлөрү биримдикте болушу керек


Тажик президенти Эмомали Рахмон мындай пикирин бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушууда билдирди.

Ал кризис маалында бул өлкөлөрдү саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык тармактардагы маселелери биргелешип чечүүгө чакырды.

КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кезектеги саммитинде экономикалык кызматташтык, коопсуздук сыяктуу 30га жакын маселе каралмакчы. Алар оболу тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматта талкууланат.

Саммитке Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев катышууда.

XS
SM
MD
LG