Ссылки доступа

Башкир блогери 3 жылга эркинен ажыратылды


Башкир блогери жана оппозициялык публицист Роберт Загреев 3 жылга күчөтүлгөн тартиби бар абакка кесилди.

“Радио Свобода” радиосунун Уфадагы корреспонденти Артур Асафьевдин айтымында, Москванын аймактык аскер соту ага “террордукка ачык үгүттөгөн” айыбын коюп жатат.

2012-жылы Роберт Загреев өзүнө таандык Интернет-булактардан башкир оппозициялык саясатчы Айрат Дилмухаметовдун “Акыр заман” аттуу макаласын жарыялаган. Анда айыптоочулардын айтымында, китепте “Орусиядагы бийликти куралдуу күч менен алмаштыруу жана “Башкурдистан” өзүнчө мамлекет түзүү” ураандары жазылган.

XS
SM
MD
LG