Ссылки доступа

Москванын борборунда Путинге каршы чыккан активист кармалды


Полиция Москванын Манеж аянтында турган активистти кармады. Ал колунда “Путин бар – мээ кереги жок” аттуу плакатты кармап турган.

Твиттерде жазгандай, ал Мария Рябикова болгон.

Бир нече мурун Кремлге жакын активисттер ушундай эле плакаттар менен пикетке чыккандарга кол салышкан. Алардын арасында 24-октябрда Тарых музейдин жанында турган 75-жаштагы Владимир Ионовго белгиси адамдар кол салышкан.

29-октябрда дагы "Баррикадная" метросунун жанында каршылык акциясына катышып турган ЛГБТ активист Рейда Линнге кол салынган.

XS
SM
MD
LG