Ссылки доступа

Тажикстанда авто унаа ээлерин ишеним кат аркылуу менчик укугунан ажыратуу салыгы жогорлады


Ушул жылдын 1-ноябрынан тартып Тажикстанда жаңы эрежелер киргизилип, ишеним кат аркылуу менчик укугунан ажыратууга болгон мамлекеттик пошлина 8 эсе көтөрүлдү.

Буга чейин көптөгөн жарандар документтерштирүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу максатында ишеним кат аркылуу автоунааларын сатып келишкен. Андай да салыктын өлчөмү 80 сомониге бааланчу. Сатып алуучу толугу менен өз наамына өткөзгүсү келсе 580-620 сомони сартптачу.

Тажикстандын ИИМи билдиргендей, мындай жаңы эрежелер башаламандыкка бөгөт коюу үчүн киргизилүүдө. Анткени ишеним каттардын көптүгүнөн автоунаалардын чыныгы ээсин аныктоо кыйынга туруп, 5 миндей мыйзам бузуу фактысынан 1 миллион сомониге чукул айып пул өндүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG