Ссылки доступа

Назарбаев менен Керри Астанада жолукту


Казак ПрезидентиНурсултан Назарбаев АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу Казакстан президентининбасма сөз кызматы кабарлады.Жолугушууга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан жок.Анда эмне тууралуу кеп козголгону кабарлана элек.

Кездешүудө Казакстандагы адам укуктарын коргоо маселеси көтөрүлдүбү-жокпу, белгисиз.Казак мамлекет башчысынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Назарбаев"өлкөнүн эгемендигин жана экономиканын өнүгүшүн колдогону үчүн" АКШга ыраазычылык билдирген.Ал эми Жон Керри,Америка Казакстандагы эн ири инвесторлордун бири экенин белгиледи.

Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, казак экономикасына салынган америкалык инвестициянын көлөмү19 миллиарддоллардан ашат. АКШнын мамлекеттик катчысы Астанага Борбор Азияга болгон расмий сапарынын алкагында барды.Бүгүн ал Казак премьер-министри Карим Масимов жана тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен да жолугушту.

XS
SM
MD
LG