Ссылки доступа

Жон Керри Астанада оппоненттерди «камап койбоого »чакырык таштады(видео)


АКШ мамлекеттик катчысы Астанадагы Назарбаев атындагы университеттин студенттери менен жолугушкан учурда адам укуктарын коргоо маселесин козгоду.

Керри шайлоо өткөрүлгөнү менен анын акыйкат жана эркин болбогону, ал эми саясий партияларга добуш берүүлөрдө бирдей шарт түзүлбөгөнү көйгөй экенин белгиледи. Ошол эле маалда бул багытта конкреттүүмисал келтирбей, шайлоого байланыштуу сын айтылган өлкөнүатаган жок.

Бирок, Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерине кайрылып, адам укугун, сөз эркиндигин чектөө, террорчулардын таасиринин күчөшүнө кептей турганын жарыялады.

— Террорчулардын бар экеникарабай эле күч колдонуу укугун бербей турганын түшүнүүгө тийишпиз. Террорчулук дагы саясий оппоненттерди камап, жарандык коомдун укуктарын чектеп, өз көз караштарын ачык айтып чыккан активисттерге жалган жалаа жабууда курал катары колдонулбашы керек.Мындай тажрыйба тескери натыйжа берип, террорчулардын чырагына май тамызышы ыктымал,— деп билдирди Жон Керри.

XS
SM
MD
LG