Ссылки доступа

Кыргыз парламентинде көпчүлүк коалиция түзүлдү


Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын түзүлгөнү боюнча макулдашууга 2-ноябрда кол коюлду.

АгаСоциал-демократтар фракциясы, Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" партиялары кирди. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп шайланды.

Коалицияга кирген партиялар өкмөт башчылыкка жана парламент төрагасына талапкерлер, ошондой эле өкмөттүн курамы жана түзүмү боюнча да орток пикирге келгенин жарыялашты.

Премьер-министрликке учурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кайрадан сунушталды. Ал эми парламент төрагалыгына мурдагы спикер, КСДПдан кайрадан шайланып келген Асылбек Жээнбеков көрсөтүлдү. Ошондой эле вице-спикерлердин саны төрттөн экиге кыскартылганы маалым болду. Комитеттердин саны да 12ден тогузга кыскарат.

Өкмөттө да бир топ өзгөрүүлөр болору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG