Булактардын айтымында, бөлүнуп кеткен талибдер жаңы башчыны жактырбай коюшкан. Алар молдо Мухаммад Расул Ахунду жаңы башчы болуп шайлап алышты. Кыймылдын бир мүчөсүнүн айтымында, Ахунд 10 жылдан ашык молдо Омардын жанында жүргөн жана анын эң жакын адамдарынын бири болгон.
Омардын өлүмүнөн кийин дагы бир талибдердин тобу негизги кыймылдан бөлүнүп, террористик болуп эсептелген "Ислам мамлекетине" кошулуп кеткен.