Ссылки доступа

Дүйшөмбү шаарында Жон Керри менен Эмомали Рахмон жолугушту (видео)


​АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүсүндө эки тараптуу кызматташтык жана аймактагы кырдаал ортого салынды.

Жон Керри жолугушууда Тажикстандагы энергетикалык каатчылык, коңшу Өзбекстандын гидроэлектрстанциялардын курулушуна каршы туруусуна байланышкан маселелер да талкууланганын билдирди.

"Тажикстандагы электрэнергия булактарын диверсификациялоонун жолдору көңүл борбордо болду. Жакынкы беш жыл аралыгында Тажикстандын да, Ооганстандын да элин электр жарыгы менен камсыздай турган долбоорлорду ишке ашырууну макулдаштык ", - деди Керри.

Ошол эле маалда, ал чөлкөмдөгү мамлекеттер ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен кызматташуу чечүүчү маселелердин бири экенине токтолду. Расмий маалыматтарга караганда, тараптардын кездешүүсүндө террорчулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, адам укуктарын коргоо, диний эркиндикке чек койбоо маселелери да көтөрүлдү.

Прибытие Джона Керри в Таджикистане
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG