Ссылки доступа

«Домодедово» аба майданынан Түркияга учуп кетүүгө аракеттенген өзбекстандык мигрант кармалды


24 жаштагы Рахматулло Абдусаттаров 2-ноябрда Москвадагы «Домодедово» аэропортунан Түркияга чыгып кетүүнү көздөгөн.

Орусиянын транспорт прокуратурасынын маалыматына караганда, метролордун биринде ширетүүчү болуп иштеген Абдусаттаров, Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. Түркияга чыгып кетүү аракетин, Орусиядагы экономикалык кризиске байланыштырып, ал жакка жакшы жашоо издеп жөнөгөнүн билдирген.

Ал эми атасы динчил адам катары укук коргоо органдарынын каттоосунда тургандыктан, өзбек бийлиги тарабынан өзүнө издөө жарыяланганын божомолдоодо.

Ушул тапта Рахматулло Абдусаттаров Москвадагы тергөө абактарынын биринде кармалып турат. Бүгүн жергиликтүү сот экстрадициялоо маселеси чечилгенче, анын камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча чечим чыгарары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG