Ссылки доступа

Чеченстанда Рамзан Кадыровго кол салуу аракети ишке ашкан жок


“Интерфакс” булагы кабарлагандай, Чеченстан Республикасынынукук коргоо органдары Рамзан Кадыровдун өмүрүнө кол салуунун алдыналууга үлгүрүшүп, теракт жасоого аракеттенген делген адамдарды кармады.

Бирок Кадыров аларды кечирип, мындан ары туура жолдо жүрүүгө чакырганы кабарланды.

Буга чейинчечен лидериваххабит агымына ооп кеткен жаштар менен жолугушуп, аларды исламдын туура жолуна түшүүгө үндөгөнү маалымдалган.

Рамзан КадыровInstagramда “Мен бейформал түрдө жаш балдар менен күндө эле жолугам.Дем алыш күнү беш сааттай Аргундук жарандар менен сүйлөшкөм.Анын 20 чактысываххабиттердин идеологиясын жактай турганы белгилүү болду ”, - деп жазыпчыккан болчу.

Чечен лидери “сабатсыз имам” жаш балдарга вахаббизмдин идеологияларын таңуулап, президентти башкы душман катары жек көрүүгө чакырык таштап келгенин да жарыялады.

XS
SM
MD
LG