Ссылки доступа

Бразилияда 1 жарым жаштагы бала уулуу жыланды тиштеп өлтүрдү


Риу-Гранди-ду-Сул аймагынын Мостардасшаарында Лоренцо аттуу 1,5 жаштагы бала үйдүн короосунан жыланды таап алып, аны чайнапсалган. Бул тууралуу “Radio Gaucha” маалымдайт.

Баланын энеси Жейн Ферейра короого чыгып, баласы жылан менен ойноп, натыйжадаколу, оозу канагыча тиштеп отурганына күбө болгонун айтып берген.Алкүйөөсүн чакырып, Лоренцонун колунан жыланды алып салган.

Бала ооруканага жеткизилген.Анынден-соолугуна жыландын уусунан эч кандай зыян келтирилген эмес.

Адистердин айтуусунда,1,5 жаштагы наристе чайнап өлтүргөн жыланадам өмүрүнө өтө кооптуу. Ал бир ирет чакса эле, адам анын уусунан жан бериши мумкүн эле. Бирок, жаш бала аны кандай кармап алганытабышмак бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG