Ссылки доступа

АКШ менен Орусия Сирияда аба кагылышууларына жол бербөө аракеттерин көрүшүүдө


Эки мамлекеттин тик учактары коопсуздуктун жаңы ыкмаларын байкап көрүү максатында Сириянын аба мейкиндигинде бири-биринен сегиз километр аралыкта учуп өтүштү.

Бул багыттагы келишим, тараптардын аскерий аба күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууларды болтурбоо үчүн түзүлгөн.РасмийВашингтон, Орусиянын Сирия лидери Башар Асадды колдоп жатканына кескин каршы чыгып, Москванын аскерий аба операцияларын сынга алып келет.

Америка бийлиги Сирия аймагында Орусия менен согуштук операцияларды координациялоо мүмкүнчүлүгү болбойт, деген көз карашты карманууда. Ага карабай, октябрда тараптар коопсуздук тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Пентагондун билдирүүсүндө, аба күчтөрүнсыноо аракеттери үч мүнөткө созулду.Орусия муну биргелешкен аскердик операция деп атады.Анткен менен Вашингтон,бул иш-чараны операция деп атоо туура эмес экенин айтып, эки тарап түзгөн документте камтылган маселелер ишке ашабы же жокпу, текшерүү жүргүзүлдү деген түзөтүү берди.

Орусия Сириядагы аскердик аба операцияларын 30-сентябрда баштаган.

XS
SM
MD
LG