Ссылки доступа

Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү валютасына бирдей көз караш жок


Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн арасында бирдиктүү валюта маселесине келгенде ар тараптуу пикирлер бар.

Бул тууралуу Ереванда өтүп жаткан армян-орусфорумунда Экономиканы өнүгүү министри Александр Цыбулский айтып чыкты. Ошол эле маалда ал бирдиктүү валюта боюнча кандай пикирлер айтылып жаткандыгын тактаган жок.

Министрдин айтымында, бүгүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында сооданын 34 пайызы улуттук валюта аркылуу жүргүзүлөт жана ушул багытты өнүктүрүү аракеттери уланууда.

Соңку убакта жогорку кызматта тургандардын арасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде доллар менен евродон баш тартуу демилгеси көтөрүлүп келет.

Видео

XS
SM
MD
LG