Ссылки доступа

Кыргызстанда парламент төрагасы болуп Асылбек Жээнбеков шайланды


6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин 114 депутат колдоду. Төртөө каршы болду.

Жалпысынан жыйынга118 депутат катышты. Натыйжада, бүгүнкү отурумда төраганын шайланышы боюнча токтом кабыл алынды.

Жээнбеков кесиптештерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн бардык күчүн жумшай турганын айтты.

Бүгүн төраганын орун басарлары да шайланат. Алардын санын азайтып, эки гана вице-спикер тандоо максат кылынууда.

Бири – коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси – оппозициядан сунушталат. Бешинчи чакырылышта ар бир фракциядан бирден вице-спикер шайланганы белгилүү.

Көпчүлүк коалиция спикердин орун басарлыгына Нурбек Алимбековду көрсөтмөкчү.

Оппозициялык маанайдагы «Республика - Ата-Журт» партиясынан Максат Сабиров менен Талант Мамытовдун, “Бир Болдон” Исхак Пирматовдун ысымдары аталууда.

XS
SM
MD
LG