Ссылки доступа

Кыргызстанда мигранттар жөнөткөн каражат 28% кыскарды


Быйыл тогуз айда мигранттар Кыргызстанга 1,4 млрд. доллар акча которгон.

Бул былтыркыга караганда 28% аз. Мындай маалыматты Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевбилдирди.

Ал Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке кирген үчүн кризисти көп сезбей жатканын, Бажы биримдигинин алкагында иштер дагы эле жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта мүчө болду. Ушул күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы бекеттери алынган.

Биримдиктин курамына Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения кирет.

XS
SM
MD
LG