Ссылки доступа

Тажик-ооган чек арасында аткезчилер менен кагылышуу болду


Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин Башкы башкармалыгы маалымдагандай, аткезчилер3-ноябрга караган түнү «Хамадони» чек арасынан мыйзамсыз өтүүнү көздөшкөн.

Аларды токтотуу аракети көрүлүп, кагылышуудан кийин ооган аткезчилерикачып кетишкен.

Тажик чек арачылар окуяболгон жерден 20 килограмм гашиш жана 1,5 килограмм героинтабышкан.

Быйылкы жылдын9 айында тажик-ооган чек арасында куралдуу аткезчилердин катышуусунда 19 кагылышуу орун алды. Анда 16 аткезчи өлтүрүлгөн. Алардын ону Ооганстандан, алтоо Тажикстандан келгендер.

Тажикстан Ооганстан менен 1344 километр чектешет. Анын көптөгөн тилкелери тоолуу аймактарды аралапөтөт.

XS
SM
MD
LG