Ссылки доступа

АКШ чалгын кызматы орусиялык учак бомбадан улам кыйраганын билдирди


Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарычалгын кызматындагы булактарга таянуу менен кабарлагандай, кыйраган орусиялык А-321учагына бомба коюлган болушу мүмкүн.

Өздөрүн "Ислам Главное в жизни мамлекети"деп атап алган топтун экстремисттери муну ишке ашырган, деген маалымат айтылууда.

Буга чейин кырсыктын чоо- жайын иликтеген мисирлик булак, учактын бортунда жардыруу болушу ыктымалдыгын, бирок анын себептери азырынча белгисиз экенин Рейтерс агенттигине билдирген. Күйүүчү майга байланыштуу деген божомолдор да жок эмес.

Шаршембиде Улуу Британия учакта жарылгыч зат салынган деген версияны айткан болчу. Мындан улам Лондон мисирлик курорттук шаар - Шарм-эш-Шей хтен учактарды кабыл алууну токтотту.

4-ноябрда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Мисирдеги бөлүмү учактын кыйрашына байланыштуу жопкерчиликти өздөрү ала турганын жарыялаган.

«Когалымавиа» компаниясынатаандыкучак МисирдинШарм-эш-Шейх шаарынан Петербургду көздөй баратканда,Синай жарым аралында 31-октябрда кулап түшкөн.

Анын ичиндеги 224 адамдын баары Мёрт Кетти.

XS
SM
MD
LG